• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарында адам өлтүрүүгө шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.02.21. /Кабар/. Нарында адам өлтүрүүгө шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 6-февраль күнү саат 20:40 чамасында Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө өзүн тааныштырбаган белгисиз адамдан Нарын шаарынын Москва аймагынан белгисиз адамды атып кетишти деген билдирүү келип түшкөн.

Аталган билдирүү Нарын ШИИБи тарабынан каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда, Москва чөлкөмүнөн Сайкал дүкөнүнүн тушунда "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 30 жаштагы С.А моюн тарабынан жаракат алган абалда жаткан жеринен Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын тез жардам бөлүмүнүн кызматкерлери медициналык жардам көрсөтүүгө алып кетип жатканы аныкталган. Денесинен жаракат алган С.А ооруканага жетпей алган жаракатынан улам каза болгон.

Бул факты Нарын ОИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Жазык кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Бул окуя боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Нарын ОИИБдин жана Нарын ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери шектүүлөрдүн өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган Нарын шаарынын 24 жаштагы М.Н. аттуу тургуну кармалып, ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, "ИЖ-20" үлгүсүндөгү ок атуучу куралды (документи жок) өз ыктыяры менен өткөрүп берди.

Ошондой эле кылмыш ишине тиешеси бар "Лексус GS 300" үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Нарын шаарынын 23 жаштагы А.А. аттуу тургуну кармалды.

Белгилей кетсек, маркум С.А. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий