• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарында “Адам сатууга каршы 100 күндүк” акциясы старт алды

Аймак 0

Бишкек, 04.10.17./Кабар/. Бүгүн, 4-октябрдан тарта Нарын облусундагы “Адам сатууга каршы 100 күндүк” акциясы старт алды. Бул тууралуу ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн маалымат катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди.

Маалыматка ылайык, облустун аймагында адамдарды сатууга каршы күрөшүү багытында иш-чаралар кабыл алынып, чет өлкөгө чыгуунун коркунучтары жана эрежелери боюнча жаштарга, окуучуларга жана ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ар кандай форматта иш чаралар өткөрүлүп турат.

“Адамдардын чет өлкөгө мыйзамсыз сатылышын алдын алуу жана жол бербөө багытында тиешелүү мекеме-ишканаларда, адамдар көп топтолуучу жайларда, коомдук жайлардын көрүнүктүү жерлерине укуктук маалымат, кеп-кеңештерди толук камтыган стендтер жана маалыматтык такталар жайгаштырылып, атайын бурчтар уюштурулган”,-деп айтылат маалыматта.

“Адам сатууга каршы 100 күндүк” акциясы КРнын Өкмөтү жана Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгы менен биргеликте өлкөнүн 7 облусунда өткөрүү пландалган.

Үстүбүздөгү жылдын 31-июлунан баштап Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Талас облустарында уюштурулду.

Аталган акция 4-октябрдан 18-октябрга чейин Нарын облусунда уланат.

Пикир

Оставить комментарий