• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарында «Адам сатууга каршы 100 күндүк» акциясынын алкагында поэзия кечеси өттү

Аймак 0

Бишкек, 19.10.17 /Кабар/. 2017-жылдын 17-октябрында Нарын медициналык колледжинин студенттери тарабынан поэзия кечеси өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Алгач адам эркиндиктерине чек коюлган терс көрүнүштөр боюнча видеоролик көрсөтүлүп, андан соң окуу жайдын студенттеринин калемине таандык коомдогу болуп жаткан көрүнүштөргө көз карашы, ой-тилектери камтылган ырларын Шаршенакунова Эльзат, Тынымсеитова Мээрим, Турганова Жайна, Марлис кызы Айымжан, Муктарбек кызы Гүлназ көркөм окуп беришти. Поэзия кечеси медициналык колледждин студенттери тарабынан даярдалган концерттик номерлер менен коштолду.

Иш-чарага Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы Айнура Дүйшөк кызы катышып, облустун аймагында адам сатууга каршы күрөшүү жана адам эркиндиктери боюнча маалымат берди. Калктын маалымдуулугун жогорулатуу максатында өткөрүлүп жаткан акцияга орто мектептердин жогорку класстарынын окуучулары жана орто жана жогорку окуу жайлардын студенттери активдүү катышып жатканы үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий