• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарында «Адамдарды сатууга каршы 100 күн» акциясы старт алды

Аймак 0

Бишкек, 11.09.18./Кабар/. 2018-жылдын 10-сентябрынан баштап Нарын облусунун аймагында "Адам сатууга каршы 100 күн” маалыматтык кампаниясы старт алды. Бул тууралуу бүгүн, 2018-жылдын 11-сентябрында, маалыматтык жыйында айтылды.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Нарын облустук жаштар иштери, дене-тарбия, жана спорт боюнча башкармалыгынын башчысы Асылбек Осмоналиев, Нарын шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Төрөбек Аруунов, “НурЖолБер” коомдук бирикмесинин жетекчиси, эксперт Сүйүн Жумалиева, Нарын облустук жаштар ордосунун директору Жыргалбек Ражабов маалымат беришти.

10-сентябрдан 10-декабрга чейин республиканын аймагында старт алган маалыматтык компаниянын максатыадам сатуу, эмгекке мажбурлоо көйгөйлөрүн чечүүдө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “2017-2020-жылдарга адам сатууга каршы күрөшүү” программасын ишке ашырууда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жаштар уюмдарынын маалымдуулугун жогорулатуу болуп эсептелет.

Маалыматтык кампаниянын алкагында “Адам сатууга каршы 100 күн” акциясын өткөрүү, 16 жаштан 20 жашка чейинки жаштар менен маалыматтык жолугушууларды өткөрүү, “Орган сатуу- кылмыш. Балдарды сатуу-кылмыш” атуу дебат боюнча турнир, спорттун футбол, волейбол жана хоккей түрлөрү боюнча мелдештерди өткөрүү, “Нарын облусунун жаштары балдарды сатууга жана мажбурлап иштетүүгө каршы” ток-шоу, студенттер (журналисттер) арасында “Адам сатуу менен күрөшүү” темасында мыкты макала/репортаж сынагын өткөрүү, «Тандоо эркиндиги,бул баалуулук» темасында 8 – 11 класстар арасында сүрөт сынагын өткөрүү, графити тартууга даярдык жана өткөрүү, «Жаштар колдойт!», «Коопсуз жумуш» вакансиялар жарманкесин өткөрүү, 15-17 жаштагы балдар үчүн «Балдар менен кыздардын ортосунда мамилени жөнгө салуу ыкмалары» боюнча маалыматтык жолугушууларды уюштуруп өткөрүү жана башка иш-чаралар камтылган.

Ж.Ибраева адамдарды сатууга каршы күрөшүү багытында облустук Кординациялык кеңеш түзүлүпаймактарда иш-чаралар кабыл алынганын жана чет өлкөгө чыгуунун коркунучтары, эрежелери боюнча жаштарга, окуучуларга, ата-энелерге ар кандай форматта түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

“Облустук деңгээлде “Нарын облусунда адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешин түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан 2018-жылдын 3-июлунда № 137 буйругу чыккан. Координациялык кеңештин курамы 20 адамдан туруп, мамлекеттик органдар жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү киргизилген. Иш пландардын негизинде жер-жерлерде калк арасында, адам сатууга каршы багытталган түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келүүдө”,-деди жетекчи.

Нарын облусунун аймагында адамдарды сатууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты пропагандалоо менен бир катар иштер аткарылып келүүдө. Атап айтсак, адамдарды сатуунун келип чыгуу факторлору жана кесепеттери болуп, өзгөчө жаштар арасында жумушсуздук көйгөйүнөн жана чет өлкөлөргө жумуш издеп чыккан жарандарыбыздын укуктары корголбой келүүдө. Мындан сырткары Интернет булактарын колдонгон адамдардын кескин көбөйүп жатышы, жарандардын укуктарын туура пайдаланбай жаткандыгынан адамдардын сатылышына жана ар кандай мыйзамсыз иш-аракеттерге, кылмыштуулукка пайдаланылып жаткандыгы себеп болууда.

Адам сатуу бул азыркы күндө трансулуттук глобалдуу маселе. Ошол себептен, ар бир мамлекеттик орган, коомдук уюм, ар бир жаран коомдогу терс көрүнүш адам сатуу менен күрөшүү зарыл.

Адам сатууга каршы 100 күндүк» маалыматтык кампаниясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын көмөгү менен өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүү пландалган.

Эске салсак, мындай аталыштагы акция биринчи жолу республиканын аймагында 2017-жылдын 31-июлунан баштап жыл аягына чейин Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарында эстафета катары уюштурулган. Нарын облусунда аталган акция өткөн жылдын 4-октябрынан 18-октябрына чейин өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий