• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында административдик реформа жүргүзүү багытында пилоттук долбоор иштей баштады

Аймак 0

Бишкек, 08.02.23. /Кабар/. Нарында административдик реформа жүргүзүү багытында пилоттук долбоор иштей баштады. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, министрлер кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №713-токтомунун негизинде Нарын облусунун айыл аймактарында ирригацияны, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүүнү, ошондой эле жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу боюнча пилоттук долбоор ишке аша баштады.

"Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен административдик реформа жүргүзүү багытында иш жүзүнө ашырылып жаткан пилоттук долбоордун максаты жайыттар комитети, суу пайдалануучулар ассоциациялары (СПА), ичүүчү суу пайдалануучулардын коомдук бирикмелери (ИСКАКБ), тазалык сыяктуу коомдук уюмдардын төлөмдөрдү чогултуу механизмдерин айыл өкмөттөрүнө өткөрүп берүү менен жергиликтүү бюджеттин көлөмүн көбөйтүү, айыл өкмөттөрүн дотациядан чыгаруу, айылдардын ирригация, жол, көпүрө, инфраструктура жана башка көйгөйлүү маселелерин жергиликтүү каражаттан чечүүгө жетишүү болуп саналат", - деп айтылат билдирүүдө.

Пилоттук долбоордун алкагында айыл өкмөттөрүнүн алдында кызмат көрсөтүүчү муниципалдык ишканалар түзүлүп, ушул ишканаларга жайыт, таза суу, суу чарба, тазалык ж.б коомдук уюмдар киргизилет. Кызмат көрсөтүүдөн алынган жыйымдар жана жайыт акылары айыл өкмөтүнүн атайын ачылган эсебине чогултулат.

Планга ылайык, 2023-жылы ичүүчү сууга облус боюнча 29 миллион сом, тазалыкка 15 миллион, жайыт акыларына 49 миллион, сугат суу үчүн 17 миллион, жалпы 110 миллион сом жыйналаары күтүлүүдө. Белгилей кетсек, өткөн жылы аталган кызматтардан 49 миллион сом чогултулган. Быйыл каражатты 61 миллион сомго көбөйтүү мерчемделүүдө. Бул каражаттар айыл өкмөттөрү тарабынан жергиликтүү маселелерди чечүүгө жумшалмакчы.

Нарын облусунда пилоттук долбоорду ишке ашыруу максатында иштиктүү кадамдар башталды. Долбоорду жүзөгө ашырууда айыл өкмөт башчыларына чоң жоопкерчилик жүктөлөт.

Пикир

Оставить комментарий