• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Нарында агротуризмди өнүктүрүүгө көңүл бурулуш керек

Аймак 0

Бишкек, 22.06.18. /Кабар/. Кыргыз – орус өнүктүрүү фонду аркылуу 1064 долбоор даярдалып, 276 млн. доллар керектелет. Анын 38 долбоору Нарын областына тиешелүү. Анын 6 долбоору каржыланган. Алардын катарында сүт өндүрүү, брусчатка (ача таш) чыгаруу багыттары бар. Касапкана ачууга да каражат бөлүнгөн. 3 долбоор четке кагылды, - дейт аталган фонддун өкүлү бүгүн, 22 – июндагы Нарын областында өтүп жаткан “Республика – Ата -Журт” фракциясынын көчмө жыйынында.

Депутат Акылбек Жамангулов Нарын областынын аймагына тиешелүү долбоорлордун аткарылышына көңүл бурууну талап кылды. Күрөөсү бар жеке ишкерлерден башка жөнөкөй эл каржылык колдоону кантип алып жатышкандыгына кызыкты.

Эт азыктарын өндүрүү жаатында айтылган эксперттердин пайдалуу кеңештери да жыйынга келгендердин зор кызыгуусун арттырды. Малды бордоп сатуунун жолдорун түшүндүргөн эксперт Бакыт Мамыркановдун айтымында, малды семиртүүдө кадимкидей азыктандыруунун графиги так сакталышы керек. Мисалы, байланып жаткан малга эртең мененки саат 8:00дө 2 кг жем берилсе, саат 13:00дө 20-60 литр суу коюп, саат 14:00дө 2 - 3 кг чөп берип, саат 20да 2 кг жем берүү процедураларын аткарганда мал экологиялык таза кошумча салмакка ээ болот.

Адистин кеңештери жакшы. Бирок, байланып жаткан мал кайсыл өрөөндө багыла тургандыгы маанилүү. Ошондуктан, климаттык шартты эске алуу зарыл, - деген пикирин депутат Бактыбек Райымкулов билдирди.

Жыйында айтылган маалыматтардын дагы бири агрономиялык негиздерге да тиешелүү болду. Кочкор районунда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы түрлөрү өздөштүрүлүп жаткандыгы маалымдалды. Агротуризмди өнүктүрүү дагы Нарын областынын негизги потенциалдарынын бири. Андыктан, ага көңүл бурулушу керек, - деп айтылды.

Пикир

Оставить комментарий