• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында Аялдардын эл аралык майрамы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 07.03.18 /Кабар/. Бүгүн, 2018-жылдын 7-мартында, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жыйындар залында 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Ыйгарым укуктуу өкүл Аманбай Кайыпов тарабынан уюштурулган иш чарага облустун аймагынан келген ар бир тармакта эмгеги сиңген айымар катышты.

Майрамдык салтанатты М.Рыскулов атындагы облустук академиялык музыкалуу драма театрынын чыгармачылык жамаатынын концерттик программасы менен ачты.

Андан соң облус башчы А.Кайыпов аялдардын коомдогу өзгөчө ордун белгилеп, салтанаттын катышуучуларын куттуктады. «Асылзаада айымдар күн сайын даңазаланууга татыктуу. Анткени, күн сымал чачыраган ар бир нуру айланасын мээримге бөлөп, адамзаттын жашоосун улап келет. Бүгүнкү күнү аялзатынын орду коомчулукта бийик жана зор күчкө ээ. Ар бир тармакта жарыша иштеп, кесипкөйлүүлүгү менен социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатууга салымдары чоң. Жооптуу иши менен бирге жашоонун жыргалы менен кыйынчылыгын татып, үй-бүлөнүн коломтосун өчүрбөй сактап келет»,- деди өкмөттүн өкүлү.

Иш чаранын соңунда облус башчы катышуучуларга белектерин тапшырып, ар бир райондон келген айымдар менен эстеликке сүрөткө түштү.

Пикир

Оставить комментарий