• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарында аялдарга карата зомбулукту токтотууга багытталган семинар өттү

Аймак 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Күн мурун, 9-декабрда “Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту биргеликте токтотобуз” аталыштагы атайын семинар өткөрүлдү, - деп билдирет Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ага Нарын облустук ички иштер органдарынын шаар, райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспекторлору катышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын ИИМнин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Нуржан Адылова жана Демократиялык процесстерди изилдөө борборунун эксперти Гүлбарчын Жумабаеванын катышуусу менен өткөрүлүп, катышуучулар кызыккан суроолорго жооп алышты.

"Кыргызстанда сексуалдык зомбулуктан жапа чеккен жашы жете элек өспүрүмдөрдүн 80 пайызы тааныштары жана жакындары тарабынан кабылышкан. Балдарга карата сексуалдык кол салуулардын жарымы үйдө же конокто жасалып жатат. Мындай басмырлоонуу токтотуу аракетин Демократиялык процесстерди изилдөө борборунун адистери жаш өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлор жана мектеп мугалимдери ата энелер, окуучулар менен биргеликте алдын алуу окутуулардан өтүп келишет", - деп айтылат маалыматта.

Иш-чаранын алкагында Нарын шаарында жайгашкан №8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектебинде ата-энелер, окуучулар, социалдык педагог мугалимдер менен жолугушуу болду.

Анда жаш өспүрүмдөр менен жакындан иштешкен тажрыйбалуу мугалим кыздар арасындагы сексуалдык зомбулукка кабылып, айта албай жүргөн жаш балдардын көйгөйлөрү тууралуу талкууланды.

"Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту болтурбоо боюнча көп сектордук ыкма " долбоору Билим берүү жана илим мнистрлиги, Ички иштер министрлиги жана Демократиялык процесстерди изилдөө борбору менен калктын аярлуу катмарына карата мамилени өзгөртүү болуп эсептелет.

Долбоордун алкагында жашы жете электерге карата сексуалдык зомбулукту алдын алуу боюнча он күндүк окутуу жүрүп, ага 54 мектептен 108 жашы жетелектер менен иштөө инспектор, социалдык педагогдор, психологдор, тарбия иштери боюнча директорлордун орун басарлары катышкан.

Окутуунун акыркы күнүндө жашы жете электер менен иштөө боюнча инспекторлор менен мугалимдер сексуалдык зомбулукту алдын алуу тууралуу бирдиктүү планды түзүшкөн. Анын жыйынтыгында иш-чараларды натыйжалуу өткөрүү максатында пилоттук мектептерде "коопсуздук бурчу", баракчалар, видеосабактар, кыздар үчүн комикстер, видеороликтер көрсөтүлүп келет.

Окутуунун программасында сексуалдык зомбулуктун болушунун көйгөйлөрүн тереңден изилдөөнү жакшыртуу, балдарга карата сексуалдык зомбулуктун түрлөрүн, зомбулукка байланышкан терс ой-пикирлерди изилдөөгө багытталган маселелер каралган.

Пикир

Оставить комментарий