• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында “Аялзат бардык жерде” аталыштагы семинар-тренинг өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. Кечээ, 1-декабрда Нарын шаарында “Аялзат бардык жерде” аталыштагы иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара Нарын шаарындагы “Медиакыздар Академиясы” долбоорунун катышуучулары менен биргеликте өткөрүлүп, ага Нарын ОИИБнин начальниги Алмазбек Жумабеков, Нарын шаарынын вице-мэри, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы, жергиликтүү активисттер, спикерлер,жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Нарын ОИИБнин начальниги Алмазбек Жумабеков сөз сүйлөп, Нарын облусунун аймагында жашы жете электерге,аялдарга калктын аярлуу катмарына карата болуп жаткан зордук-зомбулук фактыларынын алдын алуу багытында бир катар иш-чаралар уюштурулуп жаткандыгын,ошондой эле учурда Нарын облусунун аймагында “16 кундүк зомбулуксуз жашоо” акциясынын алкагында жер-жерлерде жөө жүрүштөр, флешмоб жана башка ушулу сыяктуу акциялар уюштурулуп өткөрүлүп жаткандыгы тууралуу айтып өттү.

Ушул эле иш-чарага улай Нарын шаарындагы К.Мамбетакунов атындагы педагогикалык окуу жайындын студенттери менен биргеликте “Биз зомбулуксуз жашоо үчүн” ураанынын алдында флешмоб уюштурулуп, иш-чара театрлаштырылган оюн менен коштолуп, семинар-тренигде мастер класс көрсөтүлүп, иш-чара кызуу уланды.

Пикир

Оставить комментарий