• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарында айдоо аянттарын зыяндуу курт-кумурскалардан тазалоо иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 09.07.18. /Кабар/. Нарын облусунда аянттарын зыяндуу курт-кумурскалардан тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 21-майынан тартып Ак-Талаа, Жумгал, Ат-Башы жана Нарын райондорунун айдоо талааларында инвазияга каршы химиялык дарылоо иштери жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күнгө чейин 58 723 га айдоо жерлерине дары себүү иштери жүрүүдө. Иш-чара бүгүн да улантылат.

Эске сала кетсек, Нарын облусунун Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Нарын райондорунун жайыттарында жана талааларында чегиртке, зыяндуу курт-кумурскалар пайда болгон.

Ага байланыштуу облустук Жарандык коргонуу комиссиясынын кезексиз отуруму өткөрүлүп, комиссиянын протоколунун негизинде облуста “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий