• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарында айдоо жерлери былтыркыга салыштырмалуу 7 миң 796 гектарга көп болду - Алымкулов

Аймак 0

Бишкек, 04.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Нарын облусунда айдоо жерлери былтыркы жылга салыштырмалуу 7 миң 796 гектарга көп болду. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, быйыл жаз 10-15 күнгө эрте келди.

"Облуста жалпы айдалуучу 38 миң 600 гектардын 15 миң 954 гектары айдалды, ал 41,3 пайызды түздү. Ал эми кээ бир райондордо айдоо иштери 50 пайыздан ашып кетти. Былтыркы жылга салыштырмалуу жазгы талаа иштери 19 пайызга алдыда жүрүп жатат", - дейт ал.

Алымкулов айдап-себүү иштери 20-майда жыйынтыкталат деп божомолдоодо.

"Дыйкандарды үрөн, техника, күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо боюнча иштер жүрүүдө. Дан эгиндердин үрөнү 97%га даяр болду. Үрөндү Чүй облусу жана Балыкчы шаарынан алып келдик", - дейт ал.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү маалымдагандай, облуста буудайдын айдоо аянты былтыркы жылга салыштырмалуу болжол менен 1 миң гектарга көп болот.

Коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартылган.

Пикир

Оставить комментарий