• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Нарында айдоочу даракты сүзүп, 4 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 14.11.18. /Кабар/. Кочкор-Чаек унаа жолунун 12-чакырымында кечээ, 13-ноябрда болжол менен саат 9:11лер чамасында жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “BMW” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдун четиндеги даракты сүзүп алган.

Жерине ӨКМдин куткаруучулары барып,унаада кыпчылып калган жүргүнчүлөрдү чыгарып, медициналык тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

“Жол кырсыгынын кесепетинен 4 адам (2 аял, 2 эркек) ар кандай жаракаттарды алышып, райондук ооруканага жеткирилген”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий