• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нарында айрым окуучулар катасы бар аттестат алышкан – тиешелүү министрликтин жообу

Коом 0

Бишкек, 03.07.19. /Кабар/. Нарында айрым окуучулар катасы бар мектепти аяктагандыгы тууралуу күбөлүк алышкан. Социалдык тармактарда ал күбөлүктүн сүрөттөрү жарыяланган.

Анда "окончил среднюю реднюю школу" деп жазылган.

"Кабар" агенттигине Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, алар тараптан бекитилип берилген биринчи чыккан нускасында андай ката болгон эмес.

"Аттестаттарды чыгарууда жыл сайын белгилүү бир санда типографиялык ката чыгып турат. Мектеп директорлору аттестатты алып, болбосо толтуруп жатканда катасы бар бланктарды алмаштырышы керек. Нарын облусунун Кочкор районунда катасы бар 10 аттестат аныкталган. Учурда алардын бешөө алмаштырылды. Калганын бүгүн алмаштырышат", - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий