• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарында айыл чарбасын чегирткелер каптап кетти

Аймак 0

Бишкек, 18-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Нарын облусундагы Жумгал районунда чегирткелер айыл-чарба продукцияларын жок кылып жатат деп билдирди ӨКМ басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Куйручук айылында 2,5 гектар айыл чарба талаасында чегирткелер пайда болгон. Алар 6 га арпа, 22 га буудайды каптап кеткен.

Мындан тышкары, Жаңы Арык айылындагы 260 гектарда, Баш-Куугандыдагы 480 гектар жана Байзак айылындагы 380 гектар жерди чегиртке каптап кетүү коркунучу бар.

Учурда чегирткелердин уюгун кылуу иш аракеттери көрүлүп жатат. ӨКМ кызматкерлери Куйручук айылындагы 1,17 миң гектар жерди химиялык заттар менен тазалоого жетишкен.

Пикир

Оставить комментарий