• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарында Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 05.03.18 /Кабар/. Бүгүн, 2018-жылдын 5-мартында, Нарын шаарында ак калпак жана улуттук кийимдер күнү белгиленди. Бул тууралуу, Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы Дүйшөк кызы Айнура билдирди.

Майрамдык иш-чарага Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов, облустук, шаардык мекеме жетекчилери, шаар тургундары катышты.

Салтанат Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта ак калпакчан жаштардын жүрүшү менен башталды.

Иш-чара Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинин залында уланып, анда облустук тарыхый-этнографиялык музейи жана облустук китепкананын жамааты тарабынан улуттук кийимдердин тарыхы, өзгөчөлүктөрү жана идеологиялык мааниси тууралуу даярдалган көргөзмөлөр, кол өнөрчү Бурулкан Төлөгөнованын улуттук баш кийимдердин даярдалышы боюнча мастер-класс өткөрүлдү.

Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.Ибраева, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов куттукташты.

Майрамдык иш чара шаардык маданият бөлүмүнүн жана Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинин, шаардык орто мектептердин окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий