• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Нарында "Алтын тамга" артыкчылык аттестатынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Билим 0

Бишкек, 02.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 2-июлда Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров жана вице-мэр Назира Жумакадырованын катышуусунда "Алтын тамга" артыкчылык аттестанынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ага Нарын шаардык мэриясынын билим берүү тармагын жетектеген адиси Эсентур Өмүралиев, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубан Мамбетов, артыкчылык аттестатынын жеңүүчүлөрү, аларды окуткан мугалимдер жана ата-энелер катышты.

Аталган аттестатты калаа боюнча төрт окуучу алган. Алар №1 Токтогул атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Залкарбек кызы Асел, №2 В.Чкалов атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Эльфат Зарипов, №7 М.Сыдыков атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү Керемет Жыргалбекова жана Айчүрөк Максатова.

Жеңүүчүлөргө Нарын шаардык мэриясы менен шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан уюлдук телефон, ыраазычылык кат берилсе, мугалимдерине жана ата-энелерине ардак грамота тапшырылган.

Эске салсак, калаа боюнча "Алтын тамга" артыкчылык аттестатына 27 окуучу катышкан.

Пикир

Оставить комментарий