• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарында автоунаа 10 жашар кызды өлтүрө сүзүп кеткен (видео)

Кырсык 0


Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. Нарын шаарында Жутакеев менен Ленин көчөсүнүн кесилишинде жеңил унаа 10 жаштагы кызды өлтүрө сүзгөн. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык күн мурун, 3-февралда саат 15:20 чамасында болгон.

"Фольксваген-Венто" унаасынын 34 жаштагы У.М., аттуу айдоочусу чыгыштан батыш тарапка бара жаткан жолдо 10 жаштагы Ы. кызы Д., атуу кызды сүзүп кеткен. Кыз ооруканага жеткирилип, бирок каза болуп калган.

Унаа айып токтотулуучу жайына киргизилген. Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий