• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 130 тонна көмүр таратылды

Аймак 0

Бишкек, 02.12.22. /Кабар/. Нарын шаарында аз камсыз болгон жана майыптыгы бар жарандарга 130 тонна көмүр таратылууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдирет.

Маалыматка караганда, көмүр КРнын президентинин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешовдун көрсөтмөсүнө ылайык алып келинген.

"Көмүр Нарын шаарындагы аз камсыз үй бүлөлөргө, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана үйүнөн тейленген жалгыз бой карыларга социалдык өнүгүү, эмгек жана миграция башкармалыгынын көзөмөлү астында таратылууда", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Нарын шаарындагы жардамга муктаж 400 үй бүлөгө жергиликтүү бюджеттен 1000 сомдон таратылды.

Пикир

Оставить комментарий