• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Нарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 370 тонна көмүр таратылып берилди

Коом 0

Бишкек, 09.11.20. /Кабар/. Кечээ, 8-ноябрь күнү Нарын облусунда жана шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 370 тонна көмүр таратылып берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр “Ассалам” фонду тарабынан таратылып берилген. Көмүрдү 904 үй-бүлө алып, алардын ар бирине 7ден кап көмүр берилген.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Сабыркул Ашымбаевдин айтымында, жакында облустагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 600 тонна көмүр таратылат.

Пикир

Оставить комментарий