• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр таратылды

Аймак 0

Бишкек, 18-февраль /Кабар/. Бүгүн, 2017-жылдын 18-февралында, Нарын шаарындагы аз камсыз болгон 200 үй-бүлөгө көмүр таратылды. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди.

Өкмөттүн Нарын обусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов шаардын Жаңы-Жол аймагындагы көмүр базада болуп аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө 2016-2017-жылдардын күз-кыш мезгилинде, макулдашуулардын негизинде, көмүр ишканалары, ишкерлер тарабынан калктын аялуу катмарына бекер көмүр таратылып келгенин маалымдады. Алардын катарында бүгүн «Ассалям» кайрымдуулук фонду аз камсыз болгон Нарын шаарынын тургундарына көмүрдөн жардам берип жатканын айтып, фонддун директору Нурмухаммед Миңбаевге ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары, аталган фонддун облустун аймагында таза суу, саламаттыкты сактоо жана жаш балдарга болгон камкордуктары боюнча аткарган иштерин белгилеп, мындан аркы биргеликте иш алып баруу уланаарына ишеними бар экенин айтты.

«Ассалям» кайрымдуулук фонду тарабынан Нарын шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 200 тоннага чукул көмүр Жаңы-Жол көмүр базасына келип түшүп, шаардык социалдык жактан коргоо башкармалыгы тарабынан такталган тизмеге ылайык таратылып берилди.

Пикир

Оставить комментарий