• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Нарында азык-түлүктөрдү өндүрө турган окуу-өндүрүштүк цех ишке кирди

Аймак 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Кечээ, 28-апрелде С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин агрардык-техникалык факультетинин имаратында “Нарын азык иштеп чыгуу – окуу цехи” ишке кирди. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Аталган окуу-өндүрүш цехи өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Япониянын JIKA эл аралык уюмунун “Бир айыл-бир продукт” долбоорунун жана Нарын мамлекеттик университетинин ортосунда 2020-жылдын 17-февралында кол коюлган үч тараптуу келишимдин негизинде ачылды.

Келишимге ылайык, Нарын мамлекеттик университети факультеттин окуу бөлмөсүн цех үчүн акысыз берип, иш ыргагын координациялайт. Ал эми “Бир айыл-бир продукт” долбоору тарабынан цехтин ичи ремонттолуп, керектүү жабдуулар менен камсыздалган.

Бул жерде жаңы тамак-аш азыктары жана аларды даярдоонун технологиясы иштелип чыгып, өндүрүлөт.

Окуу-өндүрүш цехинин ачылыш аземинде сүзмөгө чычырканак, өрүк, малина сыяктуу мөмө жемиштерин кошуп уникалдуу азык даярдоонун технологиясы тажрыйба жүзүндө көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий