• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында балдар күнү салтанаттуу түрдө белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 1-июнь /Кабар/. Нарын шаарынын борборунда жайгашкан заманбап “Смарт Парк” сейил багы былтыр Ага Хан Ѳнүктүрүү Фонду тарабынан толугу менен реконструкциядан өткөрүлүп, шаар тургундарына, жаштарга, өспүрүмдөргө жана бөбөктөрдүн эс алуусуна ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирди.

1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнү бул паркта да уюштурулуп, балдарга жаркын маанай тартууланды. Облус, шаар башчылары ата-энелерди, мектеп, бала бакча мугалимдерин жана балдарды майрамдары менен куттуктап, аларга кең келечек, бактылуу балалык жана татыктуу тарбия-билим каалашты.

№2 “Чебурашка” жана №18 “Ак Дил” балдар бакчаларынын таланттуу балдары майрам ээлерине концерттик программа тартуулап, ыр-бийлерин аткарышты.

Белгилей кетсек, Борбордук Азия Университети тарабынан иш-чарага катышкан балдар, кыздарга, ошондой эле асфальтка сүрөт тартуу сынагынын катышуучуларына белектер тапшырылып, сейил бакка келген бардык балдарга бекер балмуздактар таратылды.

Пикир

Оставить комментарий