• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарында Баткен окуясында курман болгон жоокерлер эскерилди. Сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 26.10.21. /Каба/. Нарын шаарында Баткен окуясынын 21 жылдыгына карата жана согуш учурунда курман болгон жоокерлерди эскерүү максатында митинг-реквием өткөрүлдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эскерүү иш-чарасында Ж. Акималиев атындагы «Жеңиш» паркында жоокерлердин эстелигине гүл коюлду

Митинг-реквиемди Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Майрамбек Жунусов ачып, Баткен окуясы Кыргызстандын жалпы элинин биримдигин, аскердик даярдыгын, коргонуу жөндөмдүүлүгүн сынга алган чоң тарыхый окуя болуп калгандыгын, динге жамынган террорчулардын согуштук аракетин талкалап, өлкөнүн бүтүндүгүн сактоодо кыргызстандык жоокерлер жана ыктыярдуу аскердик топтор мекенчилдик сезими жана кайратман эрдиги менен жеңишке ээ болгондугун баса белгиледи.

«Ошондой эле өлкөбүздүн чек арасын душмандардан бошотууга Нарын шаарынан 115 жоокер аттанып, алардын экөө: «Манас» орденинин ээси Руслан Заярко жана «Эрдик» медалынын ээси Мукамбет уулу Улан баатырларча курман болушканын билдирип, ажалга тике караган баатырлардын жаркын элесине таазим этип, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты», - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий