• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарында базарлар түшкү саат экиге чейин гана иштейт - комендант Аалиев

Аймак 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Нарында базарлар түшкү саат экиге чейин гана иштейт. Бул тууралуу Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев билдирди.

Анын айтымында, базарларда чектөөлөр коюлууда.

"Дүң жана коммерциялык базарлар түшкү саат экиге чейин гана иштесин деген чектөө киргиздик. Анткени ал жерлерде элдин басымдуу бөлүгү чогулуп жатат жана күндүзгү маалда кыймыл көп болууда", - дейт ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий