• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарында бензовоз оодарылып, 16 тонна күйүүчү май төгүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 08.02.18 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Нарында "КамАЗ” үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 7-февралда болжол менен саат 11:00дө Ак-Кудук айылында болгон.

“Унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Натыйжада 16 тонна күйүүчү май төгүлгөн”,-деп билдиришти ӨКМден.

Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары келишкен.

Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Пикир

Оставить комментарий