• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарында биринчи ирет республикалык деңгээлде шахмат боюнча облус башчынын кубогу өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 08.11.18. /Кабар/. Бүгүн, 2018-жылдын 8-ноябрында, Нарын шаарында республикалык деңгээлдеги шахмат боюнча облус башчынын кубогунун ачылыш аземи өттү. Региондорду өнүктүрүү жылына карата Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн шахмат боюнча кубогуна Ош, Баткен, Талас, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облусунан 6 жаштан жогору курактагы 120дан ашык катышуучу ФИДЕ эрежеси боюнча таймашат.

Ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Динара Жунусова, Нарын облустук жаштар иштери, дене-тарбия, жана спорт боюнча башкармалыгынын башчысы Асылбек Осмоналиев катышты.

Д.Жунусова облус башчынын атынан катышуучуларга куттуктоо жолдоп, ийгилик каалады. Спорттун түрлөрү колдоого алынып жатканын белгилеген бийлик өкүлү, эки жыл аралыгында спорттун 9 түрү боюнча облустук деңгээлде федерациялар түзүлүп иш алып барып жатканын маалымдады. Ошондой эле облус башчынын кубогу - бир гана күч сынашуу эмес, достуктун, биримдиктин ынтымактын чакырыгы болот деген ишеничин билдирди.

Сөз кезегинде КР шахмат федерациясынын президенти М.Турпанов Нарын жергесинде мындай деңгээлдеги мелдеш биринчи жолу өткөрүлүп жатканын белгилеп, оюнду өткөрүүнү колдоп берген облус башчысына ыраазычылык билдирди. Жетекчинин айтымында интеллектуалдык оюн ой жүгүртүүнүн, акыл-эстин өсүүсүнө жардам берүү менен бирге облустар аралык байланышты чыңдоого өбөлгө түзөт.

8-11-ноябрдын аралыгында өткөрүлүүчү шахмат боюнча мелдештин алкагында балдарга маданий эс алуу программасы тартууланат. Нарын облусунун тарыхы, учурдагы жетишкендиктери боюнча шаар ичин кыдыруу менен маалымат берилип, Ч.Айматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган көркөм тасмалар көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий