• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нарында борбордук базар кечки саат 16:00гө чейин иштей турган болду

Аймак 0

Бишкек, 02.06.20. /Кабар/. Нарында борбордук базар саат 16:00гө чейин иштей турган болду. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул тууралуу бүгүн, 2-июнда атайын түзүлгөн комиссия менен базарга барган шаар башчысы Нурбек Молдокадыров билдирди.

Түзүлгөн комиссия соодагерлерлерге эскертүүлөрдү берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Өзгөчө кырдаал режими бүткөнгө чейин базардын ички жолдоруна унаа кирбегендиктен, анын бир тарабына жашылча-жемиш сатууга уруксат берүү жагы сунушталды.

Ал эми борбордук базарга мурунку тартип менен эле унаалар киргизилбейт. Азык-түлүк, жашылча-жемиш жана товарларды 16:00дөн кийин, же таңкы 9:00гө чейин түшүрүү тартиби уланат.

Эске салсак, буга чейин борбордук базар саат 14:00гө чейин иштеп жаткан.

Пикир

Оставить комментарий