• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарында браконьер алты тоо эчкинин эти менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.10.22. /Кабар/. Нарында браконьер алты тоо эчкинин эти менен кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-октябрда түнкү саат 00:50дө аталган министрликтин кызматкерлери УКМК өкүлдөрү менен биргеликте Нарын облусунун Ат-Башы районундагы «Босого» экологиялык көзөмөл-өткөрүү пунктунан аталган райондун Баш-Кайыңды айылынын К.А. аттуу тургуну 6 тоо текени мыйзамсыз олжолоп келе жаткан жеринен кармалды.

Окуя болгон жерде акт түзүлүп, топтолгон материалдар кошумча иликтөө үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий