• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарында браконьерлердин унаасынан кызыл китепке кирген ылaaчын кушу табылды

Укук тартиби 0


Бишкек, 13.09.22. /Кабар/. Нарын облусунун Аксай өрөөнүндө жүргүзүлгөн рейд учурунда браконьерлердин унаасынан ылaaчын жырткыч кушу жана беш көгүчкөн табылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик инспекторлор Mitsubishi Montero Sport үлгүсүндөгү унааны токтоткон, бирок браконьерлер качууга аракет кылган. Андан соң, жүрүүгө мүмкүн болбогон жерден алара унааны токтотууга аргасыз болушкан.

Унааны тинтүү учурунда кызыл китепке кирген бир ылaaчын жырткыч кушу жана беш көгүчкөн табылган.

Жеринде акт түзүлүп, чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий