• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарында чайхана өрттөнүп, 20 жаштагы кыз күйүк алды

Кырсык 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. Нарын шаарындагы “Изумруд” чайханасынын 25 чарчы метр аянты күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, өрттүн кесепетинен 20 жаштагы К. кызы С. аттуу кыз 1-даражадагы күйүк алган.

Эскерте кетсек, бир сутканын ичинде республиканын аймагында 20 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 25 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Пикир

Оставить комментарий