• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарында Чернобыль апаатын эскерүү иш-чарасы өттү

Аймак 0

Бишкек, 26.04.18 /Кабар/. Бүгүн, 2018-жылдын 26-апрелинде, Нарын шаарында Чернобыль атомдук электр станциясында болгон аварияны катышуучулары менен эскерүү иш чарасы өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Дүйшөк кызы Айнура билдирди.

Иш-чарага катышкан ЧАЭС ардагерлерин Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана мекеме жетекчилер куттукташты.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов сөз кезегинде ЧАЭС катышуучулардын чыдамкайлыгына жана эрдигине ыраазычылык билдирди. «Ал кыйын кезеңде Нарын облусунан 128 адам чакырылган. Мекен алдында милдетин татыктуу аткарышты. Тилекке каршы, Чернобылдагы авариянын кесепети ден-соолуктарына залакасын тийгизди. Учурда облуста ЧАЭСтин 75 катышуучусу бар. Аларга ар тараптуу жардамдар берилет»,-деп белгиледи.

Облус башчы Ардак грамота тапшырып, ошондой эле «Нарын-Чернобыль» коомдук уюмунун жетекчиси Санатбек Мажикеев аркылуу Нарын районунда жана Нарын шаарында жашаган катышуучуларга 18 миң сом берди. Жалпы облустун аймагында жашаган катышуучуларга өкүлдүн резервдик фондунан 55 миң сом бөлүндү

Пикир

Оставить комментарий