• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында дайынсыз болуп жаткан 40 жаштагы аял табылды

Аймак 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Нарында дайынсыз болуп жаткан 40 жаштагы Гүланда Аманалиева табылды. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, дайынсыз болуп жаткан аялды Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аман-эсен таап, жакындарына өткөрүп беришкен.

Белгилей кетсек, буга чейин облустук милиция 2020-жылдын 30-октябрында үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз болуп жаткан Гүланда Аманалиеваны издеп жаткандыгы жөнүндө билдирүү тараткан.

Пикир

Оставить комментарий