• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарында дайынсыз жоголгон Эржан Актанов изделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. Нарында дайынсыз жоголгон Эржан Актанов изделүүдө. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Нарын районундагы Учкун айылынын тургуну 1982-жылы туулган Эржан Актанов 2021-жылдын 30-июль күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Кийген кийимдери: башында көк-жашыл түстөгү баш кийим, үстүндө өңү көк түстөгү куртка, кара түстөгү шым, боз түстөгү бут кийим.

Белгилери: бою 170-175 см, арык чырай, чачы кара кыска.

“Эржан Актановду көргөн-билгендер болсо төмөндөгү номерлерге билдирип коюуңуздарды өтүнөбүз. Байланыш номерлери 102, 03534 5-16-51, 0704 99 66 26”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий