• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында дайынсыз жоголгон карыянын кийими суу жээгинен табылды

Кырсык 0

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Нарын шаарында 29-июнда 80 жаштагы Т.Ж., аттуу карыя үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын кийимдери Нарын дарыясынын жээгинде табылган.

Жерине беш куткаруучу тартылып, издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Натыйжа бербегендиктен издөө убактылуу токтотулган.

Куткаруучулар 30-июнь күнү ишин кайра улантат.

Пикир

Оставить комментарий