• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарында Эгемендүүлүк күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 31.08.18. /Кабар/. Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү белгиленди.

Иш-чара Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта салтанаттуу ачылышы менен башталды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, депутаттардын Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Жыргалбек Ботоканов, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов, Нарын районунун акими Семетей Черикбаев теңиртоолуктарды куттукташты.

Облус башчы Эгемендүүлүк жылдар аралыгы тарыхта көз ирмемчелик убакыт болгону менен, өлкө саясий жана экономикалык реформаларды баштан кечиргенин жана бир катар урунттуу учурларды өзүнө камтып, улуттук жана маданий кайра жаралууга алып келгенин белгиледи.

«Кыргызстан демократия жолунда орчундуу кадамдарды таштады. 27 жыл аралыгында бир катар өзгөрүүлөр болуп, бүгүнкү күндө суверендүү мамлекетибиз өз алдынча саясий жана экономикалык реформаларды жүргүзүп келет. Негизгиси, түбү түпкүлүктүү эл катары сабырдуулук, акылмандык менен көз карандысыздыгыбызды коргоп, ийгиликтерге жетишип келебиз. Андыктан, жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак бекем болсо, жаратмандык менен жаркын келечек түзө алабыз. Ар бириңиздердин үй-бүлөңүздөргө ден-соолук жана бакубат турмуш каалайм!”,-деди А.Кайыпов.

Майрамдык салтанат Нарын облустук М.Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрынын, шаардык маданият үйүнүн жана бий ансамблдеринин театралдаштырылган оюн-зоок программасы жана концерттик номерлер менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий