• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарында Эгемендүүлүк күнү чоң салтанат менен белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 31.08.17 /Кабар/. Бүгүн, 31-августта Нарын шаарынын борбордук Т.Усубалиев атындагы аянтында Кыргыз Республикасынын Көз карансыздыгынын 26 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленди. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Майрамдык салтанатты Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов ачып, шаар тургундарын жана меймандарын мамлекеттик майрам менен куттуктап, өлкɵбүздүн экономикасы өнүгүп-өсүп, жарандары көбөйүп, жаркын келечектүү мамлекетке айланаарына тилектештигин билдирди.

Куттуктоо сөздөрүн КР эмгек жана социалдык өнүгүү министри Т.Исакунова, КРѲ Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыпов, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ботоканов, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Т.Жанбоев сүйлөшүп, теңиртоолуктарды майрамы менен кызуу куттуктап өтүштү.

Жетекчилердин куттуктоосунан кийин маданият кызматкерлеринин, студенттердин, мектеп окуучулардын катышуусу менен даярдалган театрлаштырылган оюн-зоок программа көрсөтүлүп, чоң программадагы концерт тартууланды.

Ошол эле учурда шаардын борбордук стадионунда спорттун чоюн көтөрүү, волейбол, футбол, аркан тартыш, ордо оюндары боюнча мелдештер өткөрүлдү.

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен майрамдык иш-чараны уюштуруп, өткөрүү үчүн 65 миң сом акча каражаты жумшалды.

Пикир

Оставить комментарий