• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарында эки кабаттуу мечит пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 28.09.22. /Кабар/. Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Куланак айылында эки кабаттуу мечиттин ачылышы болуп өттү.

Муфтияттан кабарлашкандай, ачылыш аземге муфтий Замир кары Ракиев, муфтияттын Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт Нурдинов, Нарын облусунун казысы Эрик Молдокулов, Учкун айыл өкмөтүнүн айыл башчысы Эркинбек Өмүрзаков, мечиттин салынышына демөөрчүлүк кылган Сауд Аравия өлкөсүнүн жараны Насыр Ибрахим аль-Хужейлян жана айыл тургундары катышты.

Мечиттин ачылышында сөз сүйлөгөн Замир Ракиев айыл тургундарын жаңы мечит менен куттуктап, ажайып кооз мечитти курган Насыр Ибрахим аль-Хужейлянга терең ыраазычылыгын билдирген.

Аземдин соңунда мечиттин салынышына салым кошкон инсандарга Нарын казыятынын ыраазычылык баракчалары берилди.

Маалымат үчүн: Куланак айылынын эски мечити илгери Касымаалы болуштун маалында дал азыркы жаңы мечиттин ордунда болгон. Бирок Кеңеш өкмөтү доорунда сүрдүрүлүп жок кылынган. Кийин эл айылдагы бир эски имараттын экинчи кабатында намаз окуп турушкан. Ал жер өтө тардык кылгандыктан, жол жээгиндеги бир дүкөндү мечит катары пайдаланып келишкен. Кийин эски мечиттин ордун айыл өкмөттүн чечими менен жерин кестирип алган соң, мечит салууга демөөрчү издешкен. Ошентип айыл элинин аракети ишке ашып, тарыхый мечиттин ордуна жаңы мечит салынып, ишке берилип отурат. Бул мечиттин архитектуралык чиймесин айылдын аксакалы Асейин Өмүралиев чийген.

Эске салсак, Асейин Өмүралиев Нарын облустук казыяты жайгашкан мечиттин чиймесин да чийген.

Пикир

Оставить комментарий