• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында эки унаа кагылышып, 1 адам каза болуп, алтоо жаракат алды

Кырсык 0

Бишкек, 04.12.17. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 215-чыкырымынын Шопур-Булак тилкесинде эки унаа кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен 6 адам жабыркап, 1 адам каза болду,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 2-декабрда болжол менен кечки саат 21:49да катталган.

Каза болгон жана жабыркагандардын тизмеси:

1. Айдоочу - 1979-ж.т. А. М.;

2. 1990-ж.т. Т. М.;

3. 2013-ж.т. Б. Э.;

4. 2017-ж.т. Б. А. (өлүкканада).

Мерседес-Спринтер унаасында болгон адамдар:

1. Айдоочу-1984-ж.т. А. М.:

2. 1980-ж.т. С. Н.;

3. 1984-ж.т. Т. Е.

Куткаруучулар жабыркаган адамдарды тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Билдирүүгө ылайык, жабыркагандар Кочкор райондук ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий