• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында эки унаа кагылышып, айдоочу жана жүргүнчү жабыркаган

Кырсык 0

Бишкек, 06.11.18. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда (Долон ашуусу) жол кырсыгы катталган, - деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кечээ, 5-ноябрда болжол менен саат 18:43төр чамасында унаа жолдун 255-чакырымында “Хонда Степ” үлгүсүндөгү унаасы “Хово” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасын сүзгөн.

Натыйжада Хонда-Степ унаасынын айдоочусу (эркек:1958-ж.т. А.К.) жана жүргүнчүсү (аял:1987-ж.т. Э. Ш.) жабыркап, райондук ооруканага жеткирилген.

Окуя болгон жерге куткаруучулар келип, жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий