• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында эки жеңил унаа кагышып, жети жаран жабыркады — сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 20.09.21. /Кабар/. Нарын облусундагы Кочкор-Чаек унаа жолунун 55-чакырымда (Кызарт ашуусу) KIA-K5 унаасы менен Subaru-Legasy үлгүсүндөгү унаалары сүзүштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматында айтылгандай, 19-сентябрь күнү катталган жол кырсыгынын кесепетинен жети жаран (эки эркек, беш аял) ар кандай жеңил жаракат алышкан.

Жеринде төрт куткаруучу жабыркаган адамдарды унаалардан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Пикир

Оставить комментарий