• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында энергетиктер күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 22.12.17 /Кабар/. Бүгүн, 2017-жылдын 22-декабрында, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жыйындар залында Кыргыз Республикасынын энергетиктер күнү белгиленди. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, биринчи орун басары Касен Асизов, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов, Нарын жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынын, «Чыгышэлектр» Ачык акционердик коомунун Нарындагы филиалынын кызматкерлери Ат-Башы ГЭС мекемесинин,Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмесинин, Энергоинспекция бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.

Энергетиктердин кесиптик майрамы менен облус башчы А.Кайыпов куттуктады. Ал электр энергиясыз учурда эч жумуш бүтпөй тургандыгы белгилеп, Нарын облусунун климаттык шарты оор болгондуктан, кыш мезгилинде электр энергиясы көп колдонулушу мүмкүн экенин маалымдады.

Ошондой эле, Нарын облусунун калкын, экономика тармагын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздап жаткан жалпы кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, бул тармактын жетишкендиктерине токтолду. Андан соң бир катар эмгек алдыңкыларына ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ардак грамоталарын, Ыраазычылык каттарын жана баалуу белектерин тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий