• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында эпидемиологиялык абал кандай? Акматованын жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова Нарындагы эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, учурда 3 адам изолятордо жатат.

"Нарында абал туруктуу. Изолятордо жаткан 3 адамдын лабораториялык анализдери чыга элек. Ошондой эле Нарындан Сузак, Ноокат районуна баргандар 14 күндүк обсервацияга киргизилген", - дейт ал.

Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 44кө жетти. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында – 3, Москва району -1 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий