• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарында футбол ойноп жаткан милициянын полковниги каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 10.06.19. /Кабар/. Нарында футбол ойноп жаткан Ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) кызматкери каза болду. Бул тууралуу Нарын ОИББдин басма сөз кызматы билдире.

Маалыматка ылайык, кечээ ИИБ жана ӨКМдин кызматкерлери ортосунда футбол боюнча турнир өтүп, оюн учурунда милициянын полковниги өзүн начар сезген. Ошондо милиционер жүрөгүнөн инфаркт алган экен. Маркум 51 жашта болгон.

Пикир

Оставить комментарий