• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарында гемодиализ аппаратын алып келүүгө даярдыктар жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 19.09.17 /Кабар/. 2017-жылдын 18-сентябрында Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов гемодиализ аппараты орнотулуучу имараттын ремонт иштери менен таанышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директору Мурат Атбаев аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берип, эки жумалык жумуштар калганын айтты. Медициналык жабдыктар октябрь айында келип орнотулуп, ачылышы ноябрь айында өткөрүлөт. Ал эми жабдыктар менен иш алып барчу адистер, 4 медайым жана 1 врач, Бишкек шаарынан атайын окуудан өтүп келет. Мындан тышкары, шаардык кеңештин депуттары өз каражаттарынан 6 реанимациялык керебет бергенин кошумчалады. Гемодиализ бөлүмү толук иштеп баштаган соң, облустун каттоосунда турган кан тазалоочу аппаратка муктаж адамдарды кабыл алат.

Даярдык иштери менен катар А.Атбаев НОБОнун көйгөйлөрүнө токтолду. Алардын бири катары оорукананын балансындагы курулушу токтоп турган имарат бар экенин билдирип, төрөт бөлүмүндө бейтаптарды кабыл алууга шарт түзүү максатында кошумча перинаталдык бөлүм ачуу зарылдыгын айтты.

Облус башчы саламаттыкты сактоо тармагына көңүл бөлүү учур талабы экенин белгилеп, акыркы жылдарда ооруканалардын имараттарын куруу жана оңдоо боюнча бир катар иштер аткарылганын белгиледи. Ал эми бейтаптарга тийиштүү деңгээлде шарт түзүп берүү максатында тийиштүү органдарга кайрылып, куруу, оңдоо иштерин улантуу боюнча келээрки жылга планга киргизүү сунуштары берилээрин билдирди.

Облустук бириктирилген ооруканасына 6 гемодиализ аппараты Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Япония мамлекетинин JICA эл аралык уюмунун ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн негизинде алынып келинет. Гемодиализ бөлүмү шаардын Москва чөлкөмүндө орун алат.

Пикир

Оставить комментарий