• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында “Йакын-Инкардын” мүчөлөрү экстремисттик көз караштардан баш тартты

Аймак 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрү экстремисттик көз караштардан өз ыктыяры менен баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарды аныктоо, бөгөт коюу жана алардын ишмердүүлүгүнүн алдын алуу алкагында Жумгал районунда Нарын аймагындагы диний кырдаал боюнча жалпы түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларды өткөрдү.

Диний экстремизмге каршы туруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргызстандын аймагында тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик кыймылынын ишмердүүлүгүнө айрым жашоочуларды тартуу иштери аныкталды.

2021-жылдын 27-февралында облустук казыяттын кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгында, КР жарандары К.Ш., Э.А. жана Б.Б. алар өз жаңылыштыгын эл алдында моюнга алып, динге ишенгендерди жана экстремисттик көз карашты колдогон башка мүчөлөрдү исламдын негизинде гана аткарууга чакырды жана бул экстремисттик кыймылдын иш-аракеттеринен мындан ары катышуудан өз ыктыяры менен баш тартышты.

УКМК тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнүн арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү боюнча иш-чараларды улантууда.

Пикир

Оставить комментарий