• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 25.03.23./Кабар/. Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө саат 02:53 чамасында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Нарын районунун Төш-Булак, Жан-Булак, Достук, айылдарында жана Нарын шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий