• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 26.09.18. /Кабар/. Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 26-сентябрда болжол менен түнкү саат 02:34төр чамасында катталган.

Жер титирөө Ат-Башы районунун Өзгөрүш, Ак-Муз, Талды-Суу айылдарында 3 баллга, Ак-Моюн айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий