• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 12.02.20. /Кабар/. Нарын облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жер титирөө кечээ, 11-февралда саат 14:53төр чамасында Нарын облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.

Жер титирөө Нарын районунун Кара-Үңкүр, Лесхоз, Оттук айылдарында 3,5 балл, Казан-Куйган айылында 3 балл, Эмгекчил жана Куйбышов айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий