• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Нарында көчө соодасы тазаланды

Аймак 0

БИШКЕК, 08.08.17. /Кабар/. Нарын шаарындагы борбордук базардын айланасында мыйзамсыз соода иштерин жүргүзгөн соодагерлерге рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Бүгүн, 8-августта мэриянын алдындагы административдик комиссия борбордук базардын аймагында каалаган жерлерине товарын жайып, жашылча-жемиштерди жана башка буюм-тайымдарды башаламан коюуп саткандарга рейд жүргүзүштү.

Көчө боюндагы мыйзамсыз сооданы жоюу боюнча иштердин жүрүшүн шаар мэри Э.Алымкулов жана шаардык Кеңештин төрагасы Ж.Ботоканов жеринде көзөмөлдөштү.

Анда Шуллер көчөсүндө соода-сатык кылган соодагерлерге эскертүү берилип, товарлары жыйналып, жолдун бою тазаланды. Ал эми С.Орозбак көчөсүндө сыртта өз алдынча шатер орнотуп, жашылча-жемиш саткандарга жаңы ачылган жер-жемиш, жашылча базарына кирүү жагы сунушталды. Муну менен бирге унааларды жол боюна токтотуп алып соода-сатык кылгандардын транспорттору да аталган базардын ичине киргизилди.

Шаар бийлигинин жана шаар тургундарынын көптөн берки көйгөйү болуп келген – борбордук базардын айланасын ирээтке келтирүү боюнча иш аракеттер буга чейин да жүргүзүлүп келген. Бирок ага карабастан бекер жана кирешелүү орундарынан айрылууга дуушар болуп жаткан соодагерлерге жакпай, ар кандай тоскоолдуктар жана нааразычылыктар менен коштолууда.

Белгилей кетсек, рейд базардын ичи-сыртында тазалыкты жана анын айланасындагы көчө соодасын тартипке салуу, соода түйүндөрдүн ичине кирип ишмердигин улантуусун жана жол тыгынын азайтуу, жөө жүргүнчүлөр менен сатуучулар жана шаарга келген коноктор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатын көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий