• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарында көп кабаттуу үйлөр оңдоло баштады

Аймак 0

Бишкек, 19-июль /Кабар/. Нарын шаардык мэриясынын демилгеси менен шаардагы көп кабаттуу турак үйлөрдүн сырткы келбеттери ирээтке келтириле баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Нарын шаарынын борбордук Ленин көчөсүнүн боюнда жайгашкан Ленин 70-үйүнүн жашоочулары тарабынан чогултулган акча каражатына имараттын сыртын кырып, шыбап, сырдоо боюнча оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлүүдө.

Аталган турак-үйдө 12 үй бүлө жашайт, мындан сырткары биринчи кабатында соода түйүндөр да орун алган.

Сырткы көрүнүшү күндөн күнгө начарлап бараткан турак-үйдүн жашоочулары менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде аткарылып жаткан жумуштар, башка көп-кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларына үлгү катары ишке ашырылууда.

Жакынкы арада ушундай эле косметикалык ремонттоо иштери Ленин 68-үйүнүн сыртына жүргүзүлөт. Ал эми Нарын шаардык мэриясы шаардын көрүнүшүн жакшыртууга багытталган иш-аракеттерге техника жана жумушчу күч жагынан өз көмөгүн көрсөтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий